Соңку суткада өлкө ичинде 15 өрт кырсыгы катталган

Соңку суткада республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт чыккан облус-шаарлар:

- Бишкек шаарында - 2,

- Чүй облусунда - 7,

- Баткен облусунда - 2,

- Жалал-Абад облусунда 4 өрт кырсыгы катталды.

Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө "Тойота-Камри" үлгүсүндөгү унаанын арткы бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Дордой-1 конушундагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен дүкөндүн 2 ч.м. айнеги жана аба муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД