Сатуучу кызды калькулятор менен чапкан киши камакка алынды

Оюн-зоок борборунда кыз кишини калькулятор менен чапкан адам камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү А.А. кечээ, 12-августта милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын тандашы керек.

Тергөө уланууда.

Буга чейин кассада отурган кызды калькулятор менен чапкан кишиге карата Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, окуя 2-августта Горький менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "MagicCity" соода борборунда болгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, 1992-жылы туулган А.Алимбаев ошол күнү мас абалда болгон. Ал алгач кызматкер кыздан кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылып, андан кийин калькулятор менен бет тарабына чапкан.

УКМК расага, этникалык бөлүп-жарууга жеткиргендер, терисинин түсүнө байланыштуу адамдарды кодулагандарга Жазык кодексинин 313-беренеси менен 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Ушул сыяктуу окуяларды УКМКга 0 (312) 62-05-85, 0 (312) 66-04-75 номурлары аркылуу кабарласа болот.

Бул факт алгач Жоруктар кодексинин 119-беренеси (майда бейбашчылык) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эмик арыздануучу ден соолугуна зыян келбегенин белгилеп, экспертизадан баш тарткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД