Жалал-Абадда "Крутой" аталышындагы эки күндүк рейд өттү

Жалал-Абадда "Крутой" аталышындагы эки күндүк рейд өттү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо ошондой эле үйлөнүү үлпөт тойлорду коштоп жүргөн автоунаалар тарабынан жасалган бузууларды аныктоо боюнча үстүбүздөгү жылдын 11-12 август күндөрү "Крутой" аталыштагы рейдтик иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарада ЖКККБнүн аппарат кызматкерлери ошондой эле район-шаардык ЖККК бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, атайын мобилдик күзөт багыттарында жумуш алып барышып, жыйынтыгында

Жалпы 442 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкталып анын ичинен 18 айдоочу мас абалында, 7 айдоочу унааларынын алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн ал эми буга чейин соц тармактарга чыгып кеткен тасмалары аркылуу үлпөт тойлорун коштоп жүрүүдө жол эрежелерин одоно бузган 11 айдоочунун автоунаалары кармалып атайын айып короого коюлуп, мыйзамсыз түрдө орнотулган катуу үн чыгаруучу, атайын жарык берүүчү жабдыктары алынып, айып пул салынуу менен бирге айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД