"Кумтөр" кенин керектүү каражаттар менен камсыздоо өз убагында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары чет элдик жабдуучу компаниялардын жарымы иштешүүдөн баш тартышканын жазып чыгышкан. Буга байланыштуу ишкананын басма сөз кызматы "Кумтөр" кенин керектүү каражаттар менен камсыздоо иши өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылып жатканын кабарлады.