Мелис Аспеков:Мени кармоо учуру деп УКМК тараткан видеодо адам мен эмесмин

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист Мелис Аспековдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Аспеков өз сөзүндө күнөөлүү эмес экенин айтып, УКМК тараткан видеодогу адам өзү эмес экенин белгиледи.

"Мен 100 пайыз күнөөлүү эмесмин. Үйүмдө 2-3 миң доллардай акча бар эле. Мен ал акчаларды УКМК кызматкерлерине өзүм берип, иштин материалдарына кошуусун айткам. Алар ал акчаларды мен алып жаткан учурда кармалгандай түр көрсөтүп жатышат. Мага 250 миң долларды бир нече бөлүккө бөлүп алып келип берген деп жатышат. Андай болсо эмнеге акчаны алып жаткан учурда кармашпайт? Видеодо көрсөтүлгөн акчаларга белги коюлган эмес.

УКМК тараткан видеодо мени кармап, жерге жаткырып койгонун көрсөтүп жатышат. Бирок видеодогу адам мен эмесмин. Менин үйүмө келишти, эшикти өзүм ачтым. Жадакалса менин колумду эч ким кайрып кармаган эмес", - деди Аспеков.

Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД