Күрөш федерациясы: Балбандарга жетиштүү көңүл бурулбай жатат

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги провинциялардагы сел каптоонун кесепетинен каза болгондордун саны 27ге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктарды башкаруу департаментинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Учурда жаратылыш кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.

"Кастамонуда каптаган сел жана суу ташкындары 25 кишинин өмүрүн алды, экөө Синопто каза болуп, бирөө Бартинде дайынсыз болду", - деп жазылат аталган мекеменин маалыматында.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзүнүн Телеграм каналындагы баракчасына табигый кырсыктын кесепетинен 17 адам каза болгонун билдирип, алардын жакындарына көңүл айткан.

Айта кетсек, табигый кырсыктын кесепетинен 600 адам эвакуация болуп, 300 калктуу пункт электр жарыксыз калганы айтылган. Ошондой эле Кастамону провинциясындагы Бозкурт шаарында бир катар көп кабаттуу үйлөр ураган. Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД