Бүгүн, 13-августта президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасы менен эмделди. Президент Кытайдын "Синофарм" вакцинасын тандаган.
Экинчи жолу эмдөөдөн өтүү үчүн Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы убактылуу эмдөө пункту жайгашкан соода борборуна барды. Медиктер алгач анын кан басымын текшерип, андан соң эмдөөдөн өтүүгө уруксат беришти.
Бул жолу Садыр Жапаров көз айнексиз жүрдү. Ал биринчи доза менен 23-июлда эмделген болчу.