Канат Каниметовдун иши кыскартылды

Прокуратура журналист Канат Каниметовго карата сотко чейинки териштирүү жүргүзгөн Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлерине карата прокурордук чара көрүү тууралуу акт чыгарганын жана иш кыскарганын 13-августта "Медиа Полиси Институту" уюму билдирди.

Уюм прокуратурага милицонерлердин аракетинин мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылганын, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын 5-августтагы катында "Аламүдүн РИИБдин айрым кызматкерлерине карата чара көрүү тууралуу акт кабыл алынды" деп жооп бергенин билдирди.

Каниметовдун иши 23-мартта "Жоруктар жөнүндө" кодекстин 119-беренеси (Майда ээнбаштык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Буга журналист 3-февралда "Фейсбук" баракчасына блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу бийликти сындап жазганы себеп болгонун Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков билдирген. Сотко чейинки териштирүү 30-мартта башталган.

Журналист майда бейбашчылык фактысы боюнча шектүү болуп жатканын 7-майда социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялаган жана бул ишти Аламүдүн РИИБ карай турганын айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД