Ош облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 13-август күнү саат 15:25тер чамасында Ош облусунда катталган. Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 3 чакырым түштүк-чыгыш, Эркеч-Там айылынан 9 чакырым түштүк-батыш, Икизяк айылынан 11 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.

Калктуу конуштарында жер титирөө Нура айылында үч балл, Эркеч-Там жана Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД