БУУ коңшу мамлекеттерди ооган качкындарын кабыл алууга үндөдү

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча башкармалыгы Ооганстанга кошуна мамлекеттерди башпаанек издеген ооган качкындарына чек араларын ачууну сунуштады.

Ооганстанда Талибан кыймылы бир канча аймактар менен шаарларды улам басып алууда. Жоочулар алардын катаал эрежелерине баш ийбеген, же болбосо чет элдик мекемелер менен кызматташканы үчүн жергиликтүү тургундарды өз алдынча жазалаган учурлар дагы катталууда.

"Биз гуманитардык кыйроонун алдында турабыз. Миңдеген оогандыктар, алардын арасында жаш балдар менен аялдар Талибандын кол салууларынан качып, кайда коргонорун билбей турушат. БУУ качкындарды кабыл ала турган өлкөлөргө зарылдыгына жараша гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр", – деди БУУнун Женевадагы качкындар боюнча башкармалыгынын маалымат катчысы Шабия Манту.

Ооганстан Иран, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Ошондой эле, аны Кытай менен да 75 чакырымдык кыска аралык бириктирип турат.

Бирок БУУнун азык-түлүк программасы ооган калкына жетиштүү көлөмдө гуманитардык жардам көрсөтүүгө кепилдик жоктугун жарыялаган. Азыркы күндө Ооганстанда 2 миллиондон ашуун жаш бала азык-түлүккө өтө муктаж.

БУУнун азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча оогандык качкындардын муктаждыгын камсыздоо үчүн кеминде 200 млн. доллар керектелет.

Качкындар иштери боюнча башкармалык жыл башынан бери Ооганстанда коопсуздугуна кооптонуп 400 миңге чукул адам өлкөнүн ичинде жер которгонун билдирди. Бирок иш жүзүндө бул сан алда канча көп болушу ыктымал.

"Соңку күндөрү кооптонгон үй-бүлөлөр Кабулга качып келишти. Лагерлер толуп калды. Жаш балдар ачык асман алдында күн кечиришүүдө. Мында адамдар тамак-аш таңкыстыгынан талашып-тартышууда", – деди Ооганстандагы качкындар боюнча норвегиялык кеңештин аткаруучу директору Трейси Ван Хеерден. Ал ошондой эле, кырдаалдын курчушу гуманитардык жардамды жеткирүүдө кыйынчылык жаратып жатканын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД