Соңку суткада 520 кишиден вирус аныкталып, 6 киши каза болду

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 14-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан алты адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2439 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 520 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (299) жана Чүй облусунда (88).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 171 758 адамга жетти.

Бир күндө 654 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2216 адам жатат, дагы 3591 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемиясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД