Орусияга кийим экспорттоочуларга маркалоо коддору берилип баштады

Орусияга кийим экспорттоочуларга маркалоо коддору берилип баштады

Текстиль өндүрүмүн Орусия аймагына экспорттоочуларга маркалоо коддору берилип баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маркалоо коддорун берүү Орусиянын маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүп, операторлор аралык алмашуунун алкагында "Альфа Телеком" жабык акционердик коомуна жөнөтүлөт.

Товарлардын көрсөтүлгөн топторун өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар маркалоонун GTIN-коддорун алуусу үчүн алгач GS-1 Kyrgyzstan предметтик нумерациялоо ассоциациясына кирүүсү зарыл. Андан кийин гана "Альфа Телеком" ЖАКы менен текстиль өндүрүмүн жүгүртүүнүн катышуучуларына маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүү келишими түзүлөт. Анын негизинде маркалоо коддоруна тапшырык жөнөтүлүүчү, товарга коюу жана аны жүктөп жөнөтүү катталуучу системага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Орусияга экспорттоодо бир катар жеңил өнөр жай товарлары маркаланууга тийиш:

- табигый же курама булгаарыдан тигилген кийимдер (ТНВЭД- 4203 10 000);

- аялдар же кыздар үчүн машинага, колго токулган кийимдер (ТНВЭД- 6106);

- узун пальто, чолок пальто, накидка, плащ, куртка (анын ичинде лыжа үчүн), ветровка, штормовка жана ушул сыяктуу эркектердин же балдардын кийимдери (ТНВЭД- 620);

- узун пальто, чолок пальто, накидка, плащ, куртка (анын ичинде лыжа үчүн), ветровка, штормовка жана ушул сыяктуу аялдардын же кыздардын кийимдери (ТНВЭД- 6202);

- төшөк, ашкана жана даараткана буюмдары (ТНВЭД- 6302).

"Альфа Телеком" ЖАКы менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылууга болот:

Бишкек шаарында:

- Чыгыш-5 кичи району, Чүй проспекти, 32/б, "Изумруд" соода борборунун жанында;

- Кожевенная көчөсү, "Дордой" базары, 15 өтмөк, № 60-61 контейнер ("Мир обуви");

- Чүй проспекти, 204, "Берекет Гранд" соода борборунун жер төлөсү;

- Айтматов проспекти, 3, "Asia Mall" соода борборунун жер төлөсү.

Ош шаарында:

Масалиев проспекти, 2 (багыттама –Каныкейдин эстелиги).

Кара-Суу шаарында:

Бакиев көчөсү (багыттама – К. Жакыпов атындагы мектеп-интернаты).

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты "Текшер" системасынын main.teksher.kg сайты жана "116" кыска номерине же 0999 333 9999 номерине чалуу аркылуу алууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД