ТИМ: Кабулдагы кыргыз элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат

Кыргызстандын [b]Ооганстан[/b]дагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Министрлик Ооганстандагы окуяларга жана аскердик-саясий кырдаалга кылдат көз салып жатат. Кабулдагы элчилик кадимки тартипте иштөөдө. ТИМ жана элчилик Ооганстанда убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта болууда жана алардын коопсуздугу, эвакуациясы боюнча бардык аракеттерди көрүүдө",- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, учурда "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга кирип барып, бийликти тынч жол менен алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД