"Берилбеген сыйлык - уудай" Исирадин Аманбаев президентке ачык кат жолдоду

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Исирадин Аманбаев президент Садыр Жапаровго ачык кат жолдоду. Ал кайрылуусун "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган.

Анда артист тынымсыз эмгектенип келгенин, чыгармалары элге кеңири тараганын бирок ага карабастан "Эл артисти" наамы берилбей келе жатканын жазган.

Ачык катты өзгөртүүсүз беребиз:

"Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго, КРнын эмгек сиңирген артисти, композитор Исирадин Аманбаевден

Ачык кат.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Менин алгачкы "Кайдасың сен ,Нестан-Дарежан", "Ай жарык ай, ай жарык", "Ай гитара, гитара", "Мөл булак","Жетиген" сыяктуу обондорум жарык көргөндөн баштап Кыргыз маданиятына, анын ичинде музыка искусствосуна обончу ,композитор жана ырчы катары өз салымымды кошуп келе жатканыма 40 жылдан ашыгыраак убакыт болду. Убагында, 1992-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамдары ыйгарылган. Бирок, андан бери жыйырма жылдан ашуун убыкыт өтүп, канчалаган жаңы жазган музыкалык чыгармаларым элге кеңири тарап жатса дагы негедир "Эл артисти" наамы берилбей келет.

Ага бир эле мисал: өткөн 2020-жылы 31-август- өлкөнүн эгемендик майрамына карата сыйылыкка көрсөтүлгөн документтердин арасында меники дагы каралып, мамлекеттик комиссиядан толук колдоо таап, Указга келгенде , ошол кездеги Президент С.Ш.Жээнбековдун жан -жөкөрлөрү белгисиз себептерден улам "кийин беребиз"деп, тизмеден алдыртып салышканын ошол убакта ар кандай массалык - маалымат каражаттары чагылдырып, өзгөчө соц. тармактарда кызуу талкууну жараткан. Бул боюнча азыркы министирбиз Кайрат Иманалиев жана Президенттик Админиситрациянын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаевдер жакшы билерин айтып коюм керек.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Алдыбызда келе жаткан Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата карала турган мамлекеттик сыйлыктардын арасындагы менин эчак эле өтүп, үч жылдан бери жөн эле кармап олтурушкан документтеримди Президенттик Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясы ар кандай болбогон шылтоолорду айтышып, дагы артка алдырып жатышат деп угуп жатам...

Сыйлык эч кандай жашка, ишке жана жеке адамдык сапаттарга эмес, жазылган эмгектерге берилиши шарт деп эсептейм.

Албетте, сурап алган сыйлык -суудай болгону менен, берилбеген сыйлык - уудай. Сыйлыгы жок эле жашаса дагы, жазса дагы болот. Бирок , Кыргыз элинде "Карыныма эмес, кадырыма ыйлайм" деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, өзүм болбосо дагы жазган эмгектерим өз учурунда бааланып калса деген эле тилек...

Сизди терең урматтом менен ,

Композитор, обончу, ырчы жана күүчү Исирадин Аманбаев"


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД