Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт тургандыгын эскертет.
Ага ылайык, 16-август күнү республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Ошондой эле республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.