Соңку суткада коронавирус илдетинен 5 адам каза болду

Кыргызстанда соңку суткада коронавирус илдетинен 5 адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Мунун менен катар 237 адамдан коронавирус табылды.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 120, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 7, [b]Ысык-Көл [/b]облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 18 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 469 адам илдеттен сакайган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 172 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 249 киши айыгып чыкса, 2 миң 451 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД