Кыргызстанда коронавируска каршы 852 476 адам эмделди

16-августка карата COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын 1-дозасын 587 441 адам алды. 264 233 киши 2-дозасын алды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта 2 184 084 доза вакцина бар.

Акыркы суткада 3676 адам коронавируска каршы эмделди.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш. Эмдөө медициналык мекемелерден тышкары эл көп чогулган жайларда, соода борборлорунда ачылган. Айылдарда медицина кызматкерлери үймө-үй кыдырып, талаага чейин барып эмдеп жатышат.

2020-жылдын мартынан бери өлкөдө расмий эсепте 172 миңден ашуун кишиге коронавирус жугуп, алардын 2,5 миңдейи көз жумду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД