Бишкекте бир жумада 49 мас айдоочу кармалды

2021-жылдын 6-августунан 12-августка чейинки аралыкта Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 842 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 49;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 2;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 32;

- "Коопсуз шаар" долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочулар - 13 ;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 746.

310 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД