ЖК Төрагасы Талант Мамытов мушкер Рафаэль Физиев менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов мушкер Рафаэль Физиев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага Талант Мамытов мушкерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өзүнүн атынан жеңиши менен куттуктады. "Сиздин жеңишиңиз Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Өлкөбүздүн желегин дүйнөгө желбиретип, Кыргызстандын намысын коргоп, ийгилик алып келдиңиз. Бул жетишкендигиңиз жалпы кыргыз элин аябай кубантты. Биз беттешүүнү экран аркылуу көрүп, колдоп- кубаттап олтурдук. Кыргызстандын желегин мындан ары да желбиретип, көп ийгиликтерди жарата бериңиз. Биз ар дайым сизге колдоо көрсөтүүгө даярбыз", -деди Төрага.

Жолугушуунун соңунда Төрага спортчуга Жогорку Кеңештин энчилүү кол саатын жана башка белектерди тапшырды. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кенешчиси Руслан Кыдырмышев да катышты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер катышкан мелдеш 7-август күнү АКШнын Хьюстон шаарында өтүп, ал "UFC" турниринде Америкалык Бобби Грин менен күч сынашкан. Жыйынтыгында Физиев калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетишти. Бул Физиев үчүн "UFC" уюмундагы бешинчи беттеш болду. Буга чейин кыргызстандык спортчу 1 ирет женилип, 3 жолу катары менен жеңишке жетишкен. Рафаэль Физиев Бобби Гринди жеңип, катары менен төртүнчү жеңишине жеткен соң, UFC уюмунун жаңыланган рейтингинде жеңил салмактагы эң мыкты 15 мушкердин катарына кирген. Учурда Дастин Порье, Конор Макгрегор сыяктуу белгилүү мушкерлер орун алган рейтингде мекендешибиз 14-орунда турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД