Баткенде мал издеп кетип дайынсыз болуп жаткан 2 жигит табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Баткенде мал издеп кетип дайынсыз болуп жаткан 2 жигит табылганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-августта Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пүлгөн айылындагы Анкур жайлоосуна эки жигит мал айдап келүү үчүн үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес. Жоголгон 21 жаштагы Н.Н. жана Х.Б. аттуу балдарды табуу үчүн жети куткаруучу тартылып, бүгүн, 16-августта саат 06:50дө туугандары тарабынан аман-эсен табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД