Мурдагы транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы болуп дайындалды.
2021-жылдын 10-августунда Г.Абдралиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу транспорт жана коммуникация министри кызматынан бошотулган.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Г.Абдралиева 2021-жылдын февраль айынан бери министр кызматында иштеп келген.