Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Миргазы Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу шаар биййлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин буйругу менен Миргазы Исаков борбордук мэриянын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу -текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору кызматын аркалап келген.

Дайындоо ротациялык негизде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021 -жылдын 17 -июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо жөнүндө" жарлыгына ылайык жүргүзүлдү.

Миргазы Исаков 1976 -жылы 2 -мартта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал мамлекеттик башкаруу системасында бай тажрыйбасы бар, министрликтерде жана ведомстволордо жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында иштеген. Ошондой эле эл аралык уюмдарда: Пекиндеги ШКУ катчылыгында, БУУнун Дүйнөлүк азык -түлүк программасынын Бишкектеги кеңсесинде саясий кеңешчи, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык долбоорлордо укуктук маселелер, адам ресурстарын башкаруу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча эксперт кызматтарын аркалаган. Дипломатиялык даражасы бар - 2 -класстагы дипломатиялык кызматтын кеңешчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД