Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринчилигине катышат.
Мелдеш 17-августтан 22-августка чейин Өзбекстандын Фергана шаарында өтөт. Ага 4 мамлекеттин курама командасы катышат.
Алгач командалар бири-бири менен беттешип, жарым финалда ойной турган жуптарды аныкташат. Жарым финалдын жеңүүчүлөрү финалда ойношот.
Финалдык жана 3-орун үчүн беттештер 22-августта болот.
Кыргызстандын курама командасы аталган мелдештин учурдагы чемпиону.
Катышуучулар:
- Кыргызстан,
- Өзбекстан,
- Казакстан,
- Тажикстан.