Бекешев: Ооганстанга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүсү керек

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ооганстандагы окуяларга байланыштуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүшү керек деп эсептейт. Эл өкүлү мындай пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Мен Ооганстан боюнча эксперт эмесмин, бирок биздин президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, бир катар маселелерди талкуулашы керек. Мисалы, качкындар массалык түрдө биздин өлкөгө кирип келсе, кандай кылабыз? Ал жакта жашаган этникалык кыргыздарга кандай жардам бере алабыз? Биздин өлкөдө жашап, окуп жаткан Афганистандык студенттерге кандай жардам беребиз? деген маселелер талкууланышы керек", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД