Кара-Сууда милиция өзүнүн аялын сабап салган

Кара-Суу районунда милиция кызматкери өзүнүн аялын сабап салган. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлашты

Аталган маалыматка таянсак, 10-июлда Фуркат айылынын 28 жаштагы тургуну Ш. А. райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анда аял жолдошу C. уулу Ч. аны чатак учурунда уруп-сабаганын айтып арыз берген.

"Ш. А.га карата соттун медициналык экспертиза дайындалып, аялдын денесине жеңил залал келтирген деп аныкталды. Азыркы учурда ИИМдин ички иликтөөрлөр кызматынынын кызматкерлери тарабынан иликтөө жүрүп жатат. C. уулу Ч. Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн участкалык милиционери болуп эсептелет",-деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД