Жаш кыргыз балбандары Уфадагы Дүйнө чемпионатына катышууда

Өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Уфадагы Дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан кабарлашты.

Спортчуларды машыктыруучулар Нурлат Такиров жана Улан Надырбек уулу коштоп кеткен.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-августта Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД