Чүйдө атасын өлтүрүп алган адам милицияга өзү келди

Чүй облусунун Москва районунда өз атасын өлтүрүүгө шектүү адам милицияга өзү келди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-август күнү саат 20:30дар чамасында Москва РИИБине Петровка айылынын 30 жаштагы А.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал 12-август күнү саат 03:00дөр чамаларында атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, атасынын денесине жаракат келтиргенин, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.

Алынган маалыматтын негизинде, Москва РИИБинин тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене "ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип 1991-жылы туулган А.Б. камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД