Түркиядагы суу ташкын 70 кишинин өмүрүн алды

Түркиянын түндүгүндө суу ташкындан каза болгондордун саны 70ке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча башкармалыгы билдирди.

Суу ташкынын кесепетинен Кастамону провинциясында 60, Синопто 9 жана Бартында 1 киши каза болгон.

Кастамонуда 1 миң 480, Бартындын Улус районунан 341 жана Синоптун Аянжик районунан 560 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Ошондой эле суу ташкын үйлөрдүн кыйрашына, жолдордун бөгөлүшүнө алып келген.

Түкриянын түндүгүндө катуу жаандын айынан суу ташып, жер көчкү жүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД