Милициядан качкан мас айдоочу унаасы менен электр мамысын сүзүп каза болду

Мас абалында автоунаа айдап жүргөн айдоочу жол кырсыгына учурап, оор жараттан улам каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-августтан 17-августка караган түнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жарандардан кабар келип түшүп, Ош шаарынын батыш тарабында белгисиз айдоочу өтө мас абалында "Деу-Лассети" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап жүргөндүгү тууралуу маалымат берген. Аталган жерге милициянын кайгуул кызматынын жакынкы аралыкта кызмат өтөп жаткан экипажы барып, ал жердеги күбөлөрдөн мас абалындагы жаран алкоголдук ичимдиктерди алып, өз автомашинасына отуруп, белгисиз тарапка кирип кеткендиги тууралуу маалымат берген.

Айдоочунун мас абалында автоунаа башкарып жүргөндүгүнөн улам кырсыктын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматы ал айдоочуну издөө аракеттерин көргөн. Аталган автомашина милициянын кайгуул кызматынынын экипажына Жапалак айылына кире бериште кабыл болуп, токтотуу боюнча талабына баш ийбестен каттуу ылдамдыкта качып кеткен. Көп өтпөй Жапалак айылынын Качыбек участкасынын Ташиев атындагы көчөсүндө жайгашкан электр мамысын, андан соӊ жакын турган үйдүн дубалын сүзүп токтогондугу маалым болгон.

Айдоочу, 1982-жылы туулган, Э.И. Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилип, 16-август күнү түштөн кийин каза болду.

Бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгына "Жол кырсыгы" катары катталып, тергөө кызматы тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД