Ошто ири өлчөмдө акча уурдоого шектелип 13 жашар кыз кармалды

Ошто ири өлчөмдө акча уурдоого шектелип 13 жашар кыз кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынан ушул күнгө чейин Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында бир нече уурулук боюнча милицияга арыз түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында аталган уурулук фактыларына шектүү катары Гүлчө айылынын тургуну 8-классынын окуучусу 13 жаштагы Н.С. аттуу кыз кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Н.С. автоунаалардын ичинен акча жана баалуу буюмдарын жашыруун түрдө уурдап алып жүргөндүгү аныкталган.

Ал үй-бүлөлүк муктаждыктан улам апасы экөө манты жасап, аны өспүрүм кыз коомдук жайларга кыдырып сатып жүрчү. Ошол учурларда жарандар базарга же жумушка барып, айрымдары автоунааларын кулпулабастан кеткендигинен пайдаланып уурулук иштерин жасап жүргөн.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 200-беренин ("Уурдоо") неизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Уурдалган акчалардын эң ири өлчөмдөгүсү 2800 доллар (эки миң сегиз жүз) болгон, акчалардын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылган жана ээлерине кайтарылып берилген.

Мындан ары өспүрүм кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД