Бишкек мэриясы Түркиядан көп орундуу автобустарды алып келет

Бишкек мэриясы көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясында Түркияда чыгарылган көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюу иш-чарасы өткөрүлдү.

Меморандумга мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен "Грин Бас" ЖЧКсы кол коюшту.

Жалпысынан 2021-2022-жылдары Бишкекке 300-350 автобус жеткирүү пландалууда.

10-12 метрлик экологиялык жактан ыңгайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борборго жеткирилет.

Транспорт эл аралык стандарттарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө, бардык талаптарга толук жооп берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД