Жапаров Путинге уу коргошун жөнүндө айтты

Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге уу коргошунду колдонуп коронавирусту дарылоо жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу ага кечээ кечинде президент өзү айтты.

"Садыр Нургожоевич Владимир Путин менен ушул [уу коргошун] жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты. Эффекттүүлүгү бар, аны илимий жактан текшерүү керек деп билдиришти. Коронавирус бизге көп убакыттка келди, аны жеңүү үчүн биз ар кайсы өлкөлөрдө болгон жаңы ыкмаларды колдонушубуз керек", - деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, учурда бейтаптар өздөрү суранып уу коргошунду алып жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД