Борбор Азиядагы туугандар сак болгула! Кадыров Ооганстандагы окуя тууралуу

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Орусияга союздаш мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан Афганистандагы болгон окуядан кийин чек араларын бекемдеп, баарына даяр турушу керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргенин sputnik.kg басылмасы жазды.

Ага ылайык, Кадыров түз эфирге уулу Адам Кадыровдун Instagram баракчасы аркылуу чыгып, Ооганстандагы окуяны АКШнын мусулмандарга каршы кезектеги аферасы деп атаган.

"Америка мусулмандарга каршы дагы бир афераны ойлоп тапты. Алар эч кайда кетпейбиз деп айтышкан, эми баарын таштап качып кетти. Элестеткиле, 10 жылдан бери ал жакта адамдар өлүп жатат. Беш жыл мурда эле 2 миллион жай тургун каза болгон. Азыр алардын саны канчага жетти? Жөнөкөй элди эле кыйнап жатышат. Бен Ладен Американын долбоору болчу, талибдер да алардын долбоору. Ошондуктан союздаш мамлекеттер чек араларын бекемдеп, баарына даяр болушу керек", - деди Кадыров.

Ал Ооганстан менен чектешкен мамлекеттер коркунучта экенин белгилеген.

"Биздин өзбек, тажик, кыргыз, түркмөн бир туугандар сак болушу керек. Ооганстан менен чектешкен аймактарда абал кооптуу. Урматтуу америкалыктар ошону каалап жатышат", - деди Чеченстан башчысы.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД