Жалал-Абадда студенттерди опузалап акча алган мугалим кармалды

Жалал-Абадда студенттерди опузалап акча алган мугалим кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринде иштеген "Динара" аттуу жаран "А" аттуу жарандан жумушуӊду бүтүрүп беремин деп ири өлчөмдө акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 238-беренесинин ("Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу") негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

28-июль күнү саат 11:00 чамасында ЖОЖ окутуучусу А.Д., факультеттин деканынын кабылдамасында студенттердин сабактарынан экзамендерди бүтүрүп баа койдуруп беремин деп, 10 миң 500 (он миң беш жүз) сом акчаны мыйзамсыз сый акы кылып алгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. студенттердин аты-жөнүн жана алардан алган акчалардын суммасын бир барак кагазга жазып, ороп койгон жеринен өз ыктыяры менен алып, тергөө кызматына тапшырган жана атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча А.Д.га КР Жазык кодексинин 238-беренеси боюнча айыбы угузулуп, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД