Кыргызстан Ооганстандагы памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр

Кыргызстан Ооганстандагы памирлик 1200 кыргызды кабыл ала алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова "Азаттыкка" маалымдады.

Анын айтымында, ооган кыргыздары чек арага чейин өздөрү келиши керек. Учурда Кыргызстанда буга чейин келген Ооганстандын 73 жаранына качкын макамы берилген. Мындан сырткары 67 жарандын арызы каралып жатат.

Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына мүчө мамлекет.

Ооганстандын Вахан коридорундагы Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн кыргыздар байырлашат. 2003-жылы алардын саны 5 миңдей болсо, азыр 1,5-2 миңдин тегерегинде экени кабарланып келет. Алардын 345и "Талибан" активдеше баштаган июль айында мал-жаны менен Тажикстанга качып кирип, 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Андемин айылына кайтарылган эле.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Талибдердин аракети ошондон тартып күчөп, анын аягы Кабулду алуу менен аяктады. Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 11-сентябрда аяктай турганы айтылган. Бирок кырдаалга байланыштуу ушул айда Ооганстандан толук чыгарылганы жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД