"Кыргыз алтын" америкалык компаниянын айыбын четке какты

Институционалдык деңгээлдеги финансылык кызматтарды көрсөтүүчү StoneX Group Inc. америкалык корпорациясы "Кыргызалтын" ишканасына каршы 1 млн доллардан ашуун доо арыз менен Лондон сотуна кайрылган. Арыз боюнча изилдөөдө мыйзам бузуулар табылса, "Кыргызалтындын" эл аралык рынокко кире албай калуу коркунучу бар. Бул айыптоолорго "Кыргызалтын" макул эместигин өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, "Кыргызалтын" ар дайым белгилүү болгон аты жана ишкердик аброю бар, мыйзамды сыйлаган акционердик коом болгон жана болуп саналат.

"Сenterra Gold Inc.тин билдиргенине караганда, 12-майда "Кыргызалтын" үчүнчү жакка жөнөтүлгөн жасалма төлөм тапшырыгы аркылуу уруксатсыз банк эсебине 29 млн долларды которууга аракет кылган. "Кыргызалтын" ушул жылдын 12-майында жана кийинки күндөрү төлөм документтерин жана "алтынга" байланышкан операцияларды жүргүзбөгөнүн, андай жасалма төлөм документтерин колдонбогонун тастыктайт жана бул маалыматтарды каалаган көз карандысыз аудитордук компания тарабынан текшерүүгө боло турганын айтат.

Ошондой эле "Кыргызалтын" менен StoneXтин ортосундагы жеткирүү боюнча кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү макулдашканда, алар дайыма кабарлоо мүнөзүндө болгон. Адатта, мындай кырдаалда StoneXтин кызматкерлери айрым маселелерди чечүү үчүн "Кыргызалтын" менен байланышчу, бирок биз төлөмдөрдүн чоо-жайындагы өзгөрүүлөр жөнүндө ушул жылдын 21-майында Жалпыга маалымдоо каражаттарынан билдик жана дагы бир нече жолу "Кыргызалтындын" өзгөртүлгөн деп айтылып жаткан төлөм тапшырмасына кол койбогонун айтабыз. Буга ишкананын эч кандай байланышы жок", - деп айтылат ишкананын билдирүүсүндө.

Алтынды жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына байланыштуу StoneX компаниясына форс-мажордук кырдаал тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн, анткени "Кыргызалтындын" алтынды экспорттоого лицензиясы токтотулган. Натыйжада, StoneX сатып алуучусу тарабынан "Кыргызалтындын" банк алдындагы милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн эмес болуп калган.

"Кыргызалтындын" жогоруда аталган айыптоолорго макул эместигин, ишкананын юристтери компаниянын кызыкчылыгын коргой турганын жана бул маселе жакын арада чечилерине үмүттөнүп турушканын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД