Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган эки тараптын делегациясы чек арада жолугушту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тарап ар бир чек арада катталган, соңку күндөрү болуп жаткан окуяларды талкууга алышты. Кандай катачылыктар, кимдер тарабынан кемчиликтер келтирилгендиги туурасында сөз кылышты.

Мындан сырткары тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине орун алган окуялар боюнча териштирүү иш-аракеттери боюнча сөз берилген. Жолугушуунун жыйынтыгында 17-августтан баштап төмөнкүдөй аракеттер көрүлмөк болду.

- Чек ара кызматтарынын жер-жерлердеги чек ара заставалардын башчыларынын биргеликте чек арадагы терс көрүнүштөр боюнча окутууларды өткөрүү;

- Эки тараптуу милиция кызматкерлеринин биргеликте чек арага жакын аймактарда кошумча алдын алуу боюнча окутуу сабактарын өткөрүп иштөөнүн натыйжасын күчөтүү;

- Чек арадагы чектешкен айылдардагы жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү жана чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу;

- Чектеш аймактарда чыр-чатак орун алган окуялар боюнча күч органдары тарабынан козголгон фактылар жана күч органдары тарабынан даярдалган материалдарды алмаштыруу;

- Мындай эки тараптын облус башчыларынын деңгээлинде жолугушууну ай сайын 2 жолу уюштуруу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД