Бишкектеги "Сары-Өзөн - Дыйкан" базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, "Сары-Өзөн - Дыйкан" базарынын 3 миң гектар жерин жана активдерин мамлекетке өткөрүү боюнча Жогорку Сот чечим чыгарган.
"Учурда инвентаризация процедурасы жүрүүдө. Алдыда базардагы бардык төлөмдөр өлкөнүн бюджетине түшүп турат", - дейт ал.
Бакиров бүгүнкү күндө сотто каралып жаткан дагы башка объектилер бар экенин кошумчалады.