Ооганстандын 46 учагы менен тик учагын Өзбекстан күч менен кондурган

14-15-августта Өзбекстандын аба мейкиндигин бузган Ооганстандын 22 аскер учагы жана 24 тик учагы күч менен Термездеги эл аралык аэропортко кондурулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, учуучу аппараттардын бортунда 585 ооган аскери болгон.

Маалым болгондой, 15-августта Ооганстандын "ЭМБРАЙЕР-314" үч учагы Каршидеги "Ханабад" аэропортуна конууга уруксат сураган. Алар Термез аэропортуна конууга команда алышкан. Учактарды коштоп жүрүү үчүн аба мейкиндигинде эки "МИГ-29" учагы көтөрүлгөн.

Коштоп жүрүү учурунда Сурхандарыя облусуна караштуу Шерабад районунда эки ооган учагы жана Өзбекстандын Аба аскер күчтөрүнүн истребители кагышкан. Учкучтар борттон чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Ошол эле күнү Ооганстандын 158 жараны жана аскер кызматкери дарыя аркылуу Өзбекстандын чек арасынан Термез районуна мыйзамыз өтүп кетишкен.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы "Чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД