Бейшеналиев: Калктын 70 пайызы эмделсе, вирустун төртүнчү толкуну болбойт

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2022-жылдын 1-январына чейин калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 17-августта саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, эгер калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, анда коронавирустун төртүнчү толкуну болбойт.

Ошондой эле ал акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда калктын 38 пайызы коронавирус менен ооруп, айыкканын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД