Чек ара кызматында аскер автомат менен өзүн-өзү төшкө аткан

Жалал-Абад облусундагы Чек ара кызматынын №2027 аскер бөлүгүндө нөөмөттө турган аскер автомат менен өзүн-өзү төшкө аткан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы маалымдады.

Аскер Ноокен аймактын ооруканасында дарыланып жатат. Ага "төшүнө ок тийген" деген диагноз коюлду. Абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Окуя боюнча жоокердин жакындарына кабарланды. Учурда Аскер прокуратурасы териштирүү жүргүзүүдө.

Чек ара кызматынын маалыматында, аскер 2021-жылы жазында чакырылган жана кызмат өтөөгө каалоосунун жоктугунан улам психологдун байкоосунда болчу. Ошондой эле "алдын ала маалымат боюнча ал кызмат өтөөдөн качуу үчүн өзүн-өзү атып алышы мүмкүн" деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аскердин жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД