"Бишкек-Нарын-Торугарт" унаа жолундагы Кубакы ашуусунун Тоң районуна караган тилкесинде KG 081 ASV номерлүү "Мерседес-Бенс-Спринтер" жүргүнчү ташыган унаасы менен 04 KG 974 ADG номерлүү "МАН" жүк ташыган унаасы кагылышып, 5 адам каза таап, 10 адам жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүүдө.