Бишкек мэриясы шаардыктарды диалогго чакырат

Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Виктория Мозгачеванын "Шаардыктар менен борбордун мэриясынын ортосундагы ачык диалог" долбоору боюнча биринчи жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Борбордо 6 жолугушуу - шаардыктар менен ачык диалог жана жыйынтыктоочу тегерек стол өтөт.

Бардык жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 60 активдүү бишкектик байгеге ээ болушат. Фейсбук социалдык тармагындагы төрт акимчиликтин баракчалары боюнча суроолорду берсеңиз болот.

Долбоор борбор калаанын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана "Адам, Мыйзам, Эркиндик ", Сорос-Кыргызстан Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Урматтуу шаардыктар! Биринчи жолугушуу 21 -августта саат 18:00дөн 20:00гө чейин Ден соолук паркында: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу чөйрө темасында өтөт. Баарыңыздарды диалогго катышууга чакырабыз", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД