Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия Экономикалык Комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келет.

Булардан тышкары байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеобайланыш аркылуу) катышат.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД