Чек ара кызматкерлерине Инандынын өлкөдөн чыгарылышы боюнча иш козголду

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлерине Орхан Инандынын өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин "Шалаакылык" жана "Чек ара кызматын аткаруунун эрежелерин бузуу" беренелери менен иш козголду.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган түз эфир учурунда атайын кызматтын операциясынын жыйынтыгында Орхан Инанды кармалып, Түркияга алып келингенин билдирген.

Инанды Бишкекте 1-июлда дайынсыз жоголгон.

Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, Орхан Инандынын Кыргызстандын жана Түркиянын жарандыгы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД