Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгында каза болгондордун саны 7ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Кубакы ашуусунда бүгүн, 17-август күнү Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Боом капчыгайын көздөй түшүп келе жатып, тормозу иштебей калган. Натыйжада аталган унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, Кубакы ашуусуна чыгып бара жаткан Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
Жалпы 23 адам жол кырсыгына учурап анын ичинен 7 адам каза болгон. Алардын бешөө ошол жерде көз жумса, 2 адам ооруканада көз жумган.
Жабыркаган жана каза болгон жарандардын аты-жөндөрү учурда такталууда.