Бишкекке учуп келген тажик жарандары артка кайтарылды."Манас" себебин айтты

Тажикстандын "Сомон Эйр" компаниясынын чартердик каттам менен Бишкекке учуп келген учагындагы тажик жарандары кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Аба кемеси кечээ, 25-май күнү, "Манас" аэропортуна учуп келген. Анда 198 жүргүнчү болгон.

"Айрым ЖМКларда айтылып жаткандай, тажик жарандары аэропортто калып калышкан жок. Учакта үчүнчү өлкөлөрдүн 9 жараны болгон. Алар Бишкек шаарында калып, калгандары Душанбе шаарына учуп кетишти", - дешти маалымат кызматтан.

Түшүндүрмөгө караганда, буга Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкандыгы себеп болду.

Эске салсак, Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөө киргизүү чечимин 21-май күнү кабыл алган. Азырынча тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип, өлкө ичинде жүрүп жана мамлекетти транзиттик өлкө катары пайдалана албайт. Ошондой эле "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордобо" жана "Карамык" өткөрүү пунктулары аркылуу коңшу өлкөгө жүк ташууга чектөөлөр бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД