Кыргызгидрометтен билдиришкендей, эртең, 18-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +12…+17
күндүз +27…+32
Талас облусунда
түнкүсүн +7…+12
күндүз +27…+32
Баткен облусунда
түнкүсүн +16…+21
күндүз +29…+34
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +16…+21
күндүз +29…+34
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +7…+12
күндүз +19…+24
Нарын облусунда
түнкүсүн +4…+9
күндүз +21…+26
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+14 градус, күндүз +29...+31 градус болот.