Таласта жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Талас районунун Чат-Базар айылында болгон. Анда "Дэу Матиз" менен "Ауди-С4" үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, кырсыктын кесепетинен 2 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.