Кыргызстандык балбан Мухаммад Абдуллаев Уфа шаарындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 74 киллограм салмак ченинде кыргызстандык балбан коло медаль үчүн күрөштө казакстандык балбан Махамбет Нуржаубаев утуп алган. Бул өтүп жаткан турнирден Кыргызстандын улуттук курамасынын алгачкы медалы.